Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 19-декабры № ХIV-3

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасынын имаратынын эшик,терезелерин жана тосмолорун үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө

 

Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана «Найман» балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы “Найман” балдар бакчасынын имаратынын эшик,терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.

2.  Бала бакчанын имаратынын эшик,терезелерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетнен 200 000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ш.Эрматов