Редакцияот 21.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 21-декабры №81

Сүлүктү шаарынын вице-меринин аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э.Сапаркулованын аткарган иштери жөнүндө отчетторун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э.Сапаркулованын аткарган иштери боюнча отчету кабыл алынсын.

2. Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э.Сапаркулова өзүнүн кызматтык милдетин аткарууда бир топ алгылыктуу иштерди жасагандыгы белгиленсин.

3. Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан шаардык жалпы билим берүү мектептеринин жана балдар бакчаларынын ашканаларына жетишпей жаткан керектүү буюмдарын тактоо жана шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берилишин көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.

4. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы А.Ибрагимов менен биргеликте Сүлүктү шаарына жетишпей жаткан дарыгерлер боюнча анализ жүргүзүү жагы тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.Исмаилов