Редакцияот 21.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 21-декабры №87

Сүлүктү шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү эс алуу багын көрктөндүрүү жана реабилитациялоо долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын 2019-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сулукту шаарынын 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган Сүлүктү шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү эс алуу багын көрктөндүрүү жана реабилитациялоо долбооруна өздук салым -447131 (төрт жүз кырк жети мин бир жүз отуз бир) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2019-жылдын бюджетине киргизилсин

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Тѳрага

К.Исмаилов