БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2018-жылдын 14-февралы №95
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук «Айыл» программасына киргизүү үчүн акы төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Джумабаева Т.М нын чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук программага киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө чарбалык китептеги элдердин маалыматтарын электрондук «Айыл» программасына киргизүү жана тактоо ишине 10 000 ( он мин) сом акча каражатын Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каржылоону камсыз кылуу Бешкент айыл Өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б га тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика, айыл чарбасы, ишкердик иш, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |