Редакцияот 14.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 14-февралы №96

Бешкент айыл аймагындагы мекеме – уюмдардын жетекчилеринин сунуш каттарынын негизинде Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча бөлүүсүнө макулдук берүү жөнүндө

 

Бешкент айылдык Кенешинин төрагасы О.Баховатдиновдун атына айыл аймагындагы мекеме – уюмдардын жетекчилеринин берген сунуштарынын негизинде Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Бешкент айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жетекчилери Хайдиев Ш, Баховадинов Т, Момунов А, Махаддинов С, Пирманова А, Холматова И, Шералиева А, Нематжонов Р, Махаддинов С лардын берген сунушуна ылайык Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүүчү акча каражаттарына макулдук берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика, айыл чарбасы инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

О. Баховатдинов