Редакцияот 14.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 14-февралы №98

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы Баховатдинов Орифхужага айылдык Кеңештин төрагасы катары 2017 – жылга 2018 – жылдын 1 кварталына Бешкент айыл Өкмөтү тарабынан компенсация төлөөгө макулдук берүү жөнүндө

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы Баховатдинов О га Бешкент айыл Өкмөтү тарабынан компенсация төлөп берүүгө макулдук берүү максатында Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы Баховатдинов Ога Бешкент айыл Өкмөтү тарабынан 2017 – жылга кезектеги 3 – сессиясынын ар бирине 4 – күндөн , кезексиз 3 – сессиясынын ар бирине 3 – күндөн, ал эми 2018 – жылга 2 – сессия үчүн 4 – күндөн айыл Өкмөтүнүн башчысынын 1 – күндүк эмгек акы эсебинде компенсация төлөөгө макулдук берилсин. Баардыгы болуп 29 күн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага

О. Баховатдинов