Редакцияот 29.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы

 

2018-жылдын 29-майы № 112

Бешкент айыл аймагынын Арка участкасынын «ЭКО плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна жашылча – жемиштерди сактоочу логистикалык борбор жана эс алуу борборун куруу үчүн 2,5га жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2018 – жылдын 28 – майындагы №04/1102 катынын негизинде Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешкент айыл аймагына караштуу Арка участкасынан «ЭКО Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна жашылча – жемиштерди сактоочу жана тангактоочу логистикалык борбор жана эс алуу борборун куруу үчүн 2,5га жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин план,бюджет, экономика жана айыл чарбасы, ишкердик иш, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага

О. Баховатдинов