Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-1
Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (План тиркелет).
2. Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
|
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-1 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновдин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдинов
2. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору М.М.Алиев
II чейректе каралуучу маселелер:
1. ”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету.
Билдирүү берет: ”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камалов
2. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси Н.Абдурахманов
3. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жарыктандыруу” муниципиалдык ишканасынын 2018-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.