Редакцияот 15.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 15-майы №58

Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө

 

Куршаб айылынын тургуну Көчөбаева Патийлахандын Гузар айылынан Айбашова Даригүлгө таандык турак-жай куруу үчүн берилген жер участкасын (иден. код 5-06-12-1004-0279) фундаменти менен (сатып алуу келишими №1607 25.01.2017-ж) сатып алып курулуш материалдарын сатуучу жайга айландыруу үчүн профилин өзгөртүп берүү боюнча арызын карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХV кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көчөбаева Патийлахандын арызы канааттандырылып өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын курулуш материалдар сатуучу жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

К.Мусаев