Редакцияот 15.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 15-майы №58/1

Кочкор-Ата айылындагы К.Омурзаков атындагы орто мектептин эски имаратынын профилин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кочкор-Ата айылындагы К.Омурзаков атындагы орто мектебинин эски имаратын бала бакчага айландыруу боюнча 03.04.2018-жылдагы элдик жыйындын протоколунун негизинде Кремль жана Кочкор-Ата айылдарындагы жаш жеткинчектерди тарбиялап өстүрүүгө бала бакча ачуу максатында Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХV кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата айылындагы К.Омурзаков атындагы орто мектебинин эски имаратын бала бакчага айландыруу үчүн профилин өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Өкмѳткѳ тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

К.Мусаев