Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы №58/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго- кырк кадам” программасынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлү-гүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгеелде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды “Бирдиктүү терезе” ыкмасында көрсөтүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кызмат көрсөтүү борбору” жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүү борборун Жобого ылайык түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кызмат көрсөтүү борборунун” ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырсын жана мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясында бир жылда бир жолу талкууланып турулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Мусаев |
|
|
| «БЕКИТИЛДИ» Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл - Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылышынын ХV сессиясынын 2018-жылдын 15-майындагы № 58/2 токтому
|
Кызыл - Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө ЖОБОСУ
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Кызыл - Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору - оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир жерде уюштурат жана көрсөтөт.
1.2. Ушул Жобо Кызыл - Октябрь айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
1.3. Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
1.4. Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык-айкындуулук, убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттенишүүсү камсыздалат.
1.5. Айылдык кеӊештин макулдугу боюнча айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүү борборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
1.6. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза коом» Улуттук программасы, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругу, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.
II. КЫЗМАТ KӨPCӨTYYHYH МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Борборду түзүүнүн максаты.
Кызмат көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, кызмат алуу убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн ыцгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга бирдей мүмкүндүктү камсыздоо.
2.2. Борборду түзүүнүн милдеттери
a. Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыӊгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
b. Оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин жарандарды бир бөлмөдө кабыл алууну уюштуруу.