ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2018-жылдын 10-январы №2
«Улуу Тоо-Кен байлык» ЖЧКна «Беркбулак» участкасында сурьма кенин изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 10-январындагы VIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 2 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитетинин № 5511 МР Лицензияларынын негизинде “Улуу Тоо-Кен байлык” ЖЧКоомуна Кыргыз Республикасынын жер казыналары жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 28 беренесине ылайык Терек-Сай айылдык аймагы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Улуу Тоо кен байлык» ЖЧК-на Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Беркбулак аянтына № 5511 МР Лицензиясынын негизинде сурьма кенин изилдөө, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 167 га аянты убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Берилген токтомдун мыйзамдуулугун карап, жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук «Мамлекеттик жер каттоо» жана архитектура башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М. |
|
|