Редакцияот 30.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2018-жылдын 30-марты №5

Терек-Сай айылдык аймагынын ЖЧХ адиси А.Анарбаевдин айыл чарбага керектүү шаймандарды алып берүү боюнча кайрылуусу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын ЖЧХ адиси А.Анарбаевдин айыл чарбага керектүү шаймандарды алып берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына айыл чарбага керектүү шаймандарды алуу үчүн 11000 (он бир мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳраганын орун басары

Сартманбетов И.Ж.