Редакцияот 30.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2018-жылдын 30-марты №7

Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы-Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында Республикалык деңгээлде өтүүчү воллейбол оюнунун VIII-турнирине окуучуларды алып баруу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы-Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында Республикалык деңгээлде өтүүчү воллейбол оюнунун VIII-турнирине окуучуларды алып баруу жөнүндөкайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы-Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын окуучуларын Жалал-Абад шаарында Республикалык деңгээлде өтүүчү воллейбол оюнунун VIII-турнирине алып баруу үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳраганын орун басары

Сартманбетов И.Ж.