Редакцияот 30.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2018-жылдын 30-марты №9

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын китепканасынын айланасын тосуу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын китепканасынын айланасын тосуубоюнча китепкананын башчысы Д.Паизкулованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап , Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын китепканасынын айланасын тосууүчүн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳраганын орун басары

Сартманбетов И.Ж.