Редакцияот 16.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2018-жылдын 16-апрели №4

“Терек-Сай Тазалык” ишканасынын директору Ш.Балтагуловдун Терек-Сай айылдык аймагына караштуу көчөлөрдүн таштандыларын чыгаруу үчүн бир жылдык чыгымдары жөнүндө

 

“Терек-Сай Тазалык” ишканасынын директору Ш.Балтагуловдун Терек-Сай айылдык аймагына караштуу көчөлөрдүн таштандыларын чыгаруу үчүн бир жылдык чыгымдарыбоюнчакайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу көчөлөрдүн таштандыларын чыгаруу үчүн “Терек-Сай Тазалык” ишканасына 125000 (жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.