Редакцияот 23.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2018-жылдын 23-апрели №5

Ак-Терек айылынын күрөш залынын окуучуларын Жалал-Абад шаарына Стамкулов Икром ажынын элесине арналган турнирге алып баруу жөнүндө

 

Ак-Терек айылынын күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун 25-27-апрель күндөрү окуучуларды Жалал-Абад шаарына Стамкулов Икром ажынын элесине арналган турнирге алып баруубоюнчакайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Терек айылынын күрөш залынын окуучуларын Жалал-Абад шаарына Стамкулов Икром ажынын элесине арналган турнирге алып барууүчүн11000 (он бир миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.