Редакцияот 23.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2018-жылдын 23-апрели №6

Терек-Сай айылынын тургуну У.Салибаевдин китебин чыгаруу жөнүндө

 

Терек-Сай айылынын тургуну У.Салибаевдин китеп чыгаруу боюнчакайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылынын тургуну У.Салибаевдин китебин чыгаруу үчүн 50000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.