Редакцияот 23.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2018-жылдын 23-апрели №9

Ынтымак көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн пластик түтүк жана лист алуу жөнүндө

 

Ынтымак көчөсүнүн тургундарынын таза суу чыгаруу үчүн пластик түтүк жана лист алуу боюнча арызын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн пластик түтүк жана лист алууга 82160(сексен эки миң жүз алтымыш) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.