Редакцияот 06.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2018-жылдын 06-июну №1

Терек-Сай айылдык аймагынын Кызыл-Токой айылына караштуу Жаштык көчөсүнө көпүрө салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнундө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Жаштык көчөсүнө көпүрө салуу жөнүндө Жаштык көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Доулту Сайдын булагынын чыгыш тарабынан, Ала-Бука МЖС автожолунун түштүк тарабына суусунун түндүк тарабына көпүрө салуу үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.

2. Берилген токтомдун мыйзамдуулугун карап, жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук «Мамлекеттик жер каттоо» жана архитектура башкармасынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.