Редакцияот 09.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

 

2018-жылдын 09-июлу №10

“Бирдиктүү терезе ” принциби боюнча айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган “Калкка кызмат көрсөтүү борборлорун ” бекитүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча “ Калкка кызмат көрсөтүү борборлору” 2016-жылдан бери уюштурулуп, калкка кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгын, айылдык Кенеш тарабынан бекитүү керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын алдында уюштурулган Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, “Бирдиктүү терезе”принциби боюнча тургундарга кызмат көрсөтүп жаткан“ Калкка кызмат көрсөтүү борборлору” бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.