Редакцияот 14.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2018-жылдын 14-августу №7

Терек-Сай айыл аймагына караштуу погрузчик техникасынын элге кызмат кылуу тарифин бекитүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы погрузчигинин элге кызмат кылуу үчүн акысын бекитүү боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу погрузчик техникасынын элге кызмат кылуу акысы саатына 2 000 (эки миң) сом жана погрузчик техникасынын айдоочусунун бир айлык маянасы 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.