Редакцияот 27.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2018-жылдын 27-сентябры №8

Чаткал районунда өтүүчү спорттук оюндарга катышып келүүгө акча каражатынан жардам берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылынын жаштар комитетинин жетекчиси М.Дербишевдин Чаткал районунда өткөрүлүүчү спорттук оюндарга жаштарды алып барып келүүгө акча каражатынан жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылындагы жаштардын Чаткал районунда өткөрүлүүчү спорттук оюндарга катышып келүүсү үчүн 5 000 ( беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.