Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №3

А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жылытуу системасын жүргүзүү үчүн керектелүүчү материалды сатып алуу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Д.Турдалиеванын тез арада жылытуу системаны жүргүзүү максатында керектелүүчү материалдарды алып берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын ишке киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11 000 (он бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.