Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №8

“Ай-Нуру” балдар бакчасынын жылуулук системасына ремонт иштерин жүргүзүү үчүн керектелүүчү буюмдарды алуу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Ай-Нуру” м.ч.б.б. уюмунун директору Ч.Баимбетованын бакчанын жылуулук системасынын жаз-кыш сезонуна ремонт иштерин жүргүзүү максатында керектелүүчү буюмдарды алуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ай-Нуру” балдар бакчасынын жылуулук системасына ремонт иштери үчүн керектелүүчү буюмдарды алуу максатында 20 800 (жыйырма миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.