Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №18

Майлуу –Суу шаарында Бостонбаев Максаттын жана Жалал-Абад шаарында Узаков Ибраимдин жаркын элестерине арналган эл аралык греко-римдик күрөш боюнча балдарды алып баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек айлында жайгашкан күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун Майлу –Суу шаарында Бостонбаев Максаттын жана Жалал-Абад шаарында Узаков Ибраимдин жаркын элестерине арналган эл аралык греко-римдик күрөш боюнча балдарды алып баруу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу–Суу шаарында Бостонбаев Максаттын жана Жалал-Абад шаарында Узаков Ибраимдин жаркын элестерине арналган эл аралык греко-римдик күрөш боюнча балдарды алып баруу максатында жол чыгымдарын төлөө үчүн 11 000 (он бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.