Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №20

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына ажаткана куруу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына ажаткана куруу жөнүндө Кызыл-Токой айылынын башчысы М.Аширбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына ажаткана куруу үчүн 49 500 (кырк тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.