Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-октябры №26

“Ай-Нуру” балдар бакчасынын жаңы курулган имаратына көмүр жана электр энергиясына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Суванованын “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы курулуп жаткан имаратына көмүр жана элект энергиясына акча бөлүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы курулган имаратына көмүр алуу үчүн 82,5 миң сом жана электр энергиясына 106, 4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.