Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры №3

Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация жасоо үчүн координаттарын тактоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация жасоо үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү ФЭБ башчынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Кара-Далаа участкасына 50 га жерди трансформация кылуу үчүн координаттарын тактоо максатында Ала-Бука районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө 85,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.