Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры №7

Сумсар айыл өкмөтүндө уюштурулган “Түшүм майрамына” барып келүү үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндө

 

Сумсар айыл өкмөтүндө өткөрүлүүчү “Түшүм майрамына” Терек-Сай айылдык аймагынан фермерлерди алып баруу жана ярмаркага катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөө жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сумсар айыл өкмөтундө “Түшүм майрамына” Терек-Сай айылдык аймагынан фермерлерди алып баруу жана ярмаркага катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөө үчүн 10 00 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.