Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры №8

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынан баштап Мырзалиев көчөсүнө чейин көчө жарыктарын орнотуу максатында түзүлгөн долбоорду тендерге коюу үчүн 9 492,4 миң акча каражатын бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын Ф.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.