Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры №1

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Терек-Сай айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн талкуулоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Терек-Сай айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өткөрүлгөн аудит жыйынтыгынын негизинде Терек-Сай айылдык аймагынын жалпы адистери менен аппараттык чогулушта талкууланып, кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара көрүү жагы сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Ашырбаевке жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук, мыйзамдуулук, этика жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.