Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры №5

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан 100 орундуу имаратынын курулуш иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан имаратынын курулуш иштеринеакча каражатын чечип берүү жөнүндөгү “Астас строй” ЖЧКоомунун жетекчиси Т.С.Дозоновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы салынып жаткан 100 орундуу имаратынын курулуш иштерине 2, 500 млн сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.