Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры №10

Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана жаңы жылдык майрамга карата белектерди алуу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрамды” жогорку денгээлде өткөрүү максатында белектерди алуу жөнүндө айылдык маданият үйүнүн жетекчиси К.Токонованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын оңдоо жана “Жаңы жылдык майрам” өткөрүү үчүн Терек-Сай айылына 10 000 (он миң) сом жана Кызыл-Токой айылына 10 000 (он миң) сом, Ак-Терек айылына жаны жыл майрамын өткөрүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Ажакматов И.К.