КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Мойнок айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
2018-жылдын 15-ноябры №20
Ак-Өлөӊ суунун магистралдык каналын жана башкы суу толтуруучу жайдын курулушун реконструкциялоого жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Өлөӊ суунун магистралдык каналын жана башкы суу толтуруучу жайдын курулушун реконструкциялоого,гидротехникалык курулуштарды курууга,өндүрүштүк базаны курууга бардыгы 62,08 гектар жер аянттарын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул жер аянттарынын трансформациялоо жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Джодаев А.Б. |
|
|