Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Мойнок айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры №21

Дем берүүчү грант аркылуу өтө турган Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП куруу боюнча 2019-жылдын 1-январында калган калдык акчага сунуштоо жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын 2019-жылга дем берүүчү грант аркылуу өтө турган Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП куруу боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун жана айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салым 637 428 сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына калган калдыктан каралсын.

2. Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП куруу боюнча өздүк салым 678 862сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына калган калдыктан каралсын.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага тапшырылсын.

 

Тѳрага

Джодаев А.Б.