Редакцияот 04.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Долоно айылдык кеңешинин чакырылышынын сессиясы

 

2018-жылдын 04-октябры №20

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Долоно айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Усулдук колдонмо бекитилсин.

2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоодо “айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Кошоев