Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну №21-2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
-мамлекеттик тилде: «Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
-расмийтилде: Учреждение «Айыл окмоту Бирликского айылного аймака».
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Бирлик айыл аймагынын өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
3. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги: Баткен облусу, Кадамжай району, Бирлик айыл аймагы, Ормош айылы.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсүтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайм.
Тѳрага | К.Шакиров |
| Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы кезектеги XXI сессиясынын №21/2 токтому менен бекитилген
|
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндөгү
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү (мындан ары – айыл өкмөт)жөнүндө
I. Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
VIII. Айыл башчысы
IX. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
I. Жалпы жоболор