Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июну №21/3
Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайында каралган жергиликтүү жамааттын Уставы боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына (веб-сайтына) жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмүтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Шакиров |
| Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXI сессиясынынын 2016-жылдын 26-майында №21/3 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын,
Баткен облусунун,
Кадамжай районунун
Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
IV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
V. Жамааттын мүчөлүгү
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
VII. Жамаатын мүчөлөрүнүн милдеттери
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
IX. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздери
Х. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары