Редакцияот 17.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын ХXVII сессиясы

 

2019-жылдын 17-январы №27/5

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарына стратегиялык өнүктүрүү планына толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши Дөбөлү айьш өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-январындагы №3 протоколунун негизинде токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагьгаын айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарына стратегиялык өнүктүрүү планына төмөндөгү толуктоолор киргизилсин.

•          Дөбөлү айылына 100 орундуу бала бакча салуу долбоору стратегиялык өнүктүрүү планынын эң приоритеттүү долбоору болуп 1чи сапка чыгарылсын.

•          Алыш жана Кеңеш айылдарына коомдук мончо куруу долбоору стратегиялык өнүктүрүү планына кошулсун. (Тиркеме тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Уланбек уулу Ж.