Редакцияот 19.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 19-ноябры №27/32

Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

 

Үч-Коргон айылдык Кеңешинин депутаттары Манас районунун Кызыл-Жылдыз айыл тургуну Ашырбаева Бүбүсара Уч-Коргон айыл аймагына алгылыктуу иштерин эске алып, талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ашырбаева Бүбүсара элге кылган кызматын баалап Уч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына татыктуу деп табылсын.

2. “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын жасатуу боюнча Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Н Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

М. Уметалиев