Редакцияот 13.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 13-декабры №27/36

Уч-Коргон айыл аймагына түрткү берүүчү грант жөнүндө

 

Уч-Коргон айыл аймагынын түрткү берүүчү грант Ай-Сезим бала бакчасы жөнүндө Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Чоң-Капка айылындагы “ Ай-Сезим” бала бакчасына кошумча имарат курууга түрткү берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин 2019- жылдын эсебинен 692569 (алты жүз токсон эки миң беш жүз алтымыш тогуз) миң сом каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Шайназаровго жүктөлсүн.

3. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрагасы К. Ганиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

М. Уметалиев