ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2018-жылдын 13-декабры №27/39
Уч- Коргон айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018- жылдын 17- октябрында № 01-18/126 сандуу буйругунун жана КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобонун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу бекитилген Жобо 2019- жылдын 1- январынан баштап күчүнө киргизилсин.
3. Уч-Коргон айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы төмөндөгүчө бекитилсин
- Акматов Мелисбек айыл өкмөт башчысы
- Бапиева Тококан Аялдар комитетинин төрайымы НПО
- Төрөгелдиев Бактияр Аксакалдар сотунун төрагасы
- Мамыралиев Ербол Айылдык кеңештин депутаты
- Эркинбеков Талант Жаштар лидери
- Жакыпбеков Аскар Айылдык кеңештин депутаты
- Полотов Руслан Айылдык кеңештин депутаты
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|