Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры №20/90

Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына жана «Мыкты» депутат наамына сунуш берүү жөнүндө

 

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына жана «Мыкты» депутат наамына жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунуш берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын тургуну Эсенаманова Эрмек Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына татыктуу экендиги белгиленсин.

2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Чынгыз Үсөнович «Мыкты» депутат наамына татыктуу экендиги белгиленсин.

3. Сары-Булак айылынын тургуну Эсенаманова Эрмекке Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Чынгыз Үсөнович «Мыкты» депутат наамын берүү жагы Кочкор районун жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунушталсын.

 

Тѳрага

Т. Жумамүдүн уулу