Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №22/106
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин (тиркеме тиркелет).
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык Кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай,коммуналдык маселер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
НАРЫН ОБЛУСУНУН КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУНУН ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУНУН
КЕЛЕК ПЛАНЫ
Киришүү бөлүгү
Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кочкор районунун күн чыгыш тарабынан орун алган. Бишкек шаарынан 310 км алыстыкта, Балыкчы темир жолунан 120 км алыстыкта жайгашкан жана түндүк тарабынан Каракужур суусу менен, чыгыш тарабынан Нарын району менен, түштүк тарабынан Нарын району менен, батыш тарабынан Ак-Кыя айыл аймактары менен чектешет.
Деңиз деңгээлинен бийиктиги – 2800 км. Айыл өкмөтү 1976-жылы түзүлгөн. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөт жана айылдык кеңеши жайгашкан административдик борбор болуп эсептелет. Сары-Булак айыл өкмөтү облустун борбору Нарын шаарынан 120 км,
Кочкор районунан 60 км аралыкта турат.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2 калктуу пункт бар:
1.Ак-Кыя айылы
2.Сары-Булак айылдары.
Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2018 - жылдын 1-январына карата 1216 адамды же
204үй-бүлөнү түзөт. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2 мектеп, 1 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 фельдшердик-акушердик пункт, 1 байланыш бөлүмү, 1 маданият үйү, 1 коомдук мончо, 2 китепкана бар.
Айыл өкмөттүн экономикалык негизинен мал чарбачылыгы түзөт, жерлер негизинен малга тоют камдоо катары пайдаланылат.
Мал чарбачылыгында негизинен майда жана ири мүйүздүү мал, жылкы багуу басымдуулук кылат. Континенталдуу, кургак салкын жай жана кыш суук. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө +15-25ºС, январь-февральайларында -25-30ºС. Суук күндөрдүн узундугу 145 күндү түзөт. Кар катмары бийик тоо аймактарында жатат. Ички өрөөндөрдө кар аз жаайт, айрым жерлеринде кышы бою жер кара. Шамалдын багыты-батыш. Шамалдын ылдамдыгы 19 дан 28 м/с чейин жетет, 3,5- 4,0 км белгилеринде-55 м/с чейин барат. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 700 мм ден 900 мм ге чейин өзгөрүп турат.