Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры №20-2

А.Мирмахмудов айыл аймагына атайын техника сатып алуу үчүн 2019-жылкы бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долборунун алкагында А.Мирамхмудов айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетине сатып алууну болжолдоп жаткан атайын техника (эксковатор) сатып алуу үчүн 2019-жылкы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 511 072 (эки миллион беш жүз он бир миң жетимиш эки) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2019-жылкы бюджеттин эсебинен раздел-704 (экономикалык суроолор бөлүмү) нөн 2 511 072 (эки миллион беш жүз он бир миң жетимиш эки) сом атайын техника сатып алуу үчүн каржылансын.

2. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

И. Исмаилов