Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры №85

Чет-Кызыл элинин муктаждыгы үчүн жайыт жер аянтын мазарга бөлүп берүү үчүн транформациялоо жөнүндө

 

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 14.12.2018-жылдын №01-34/668 сунуш катынын негизинде Чет-Кызыл айылынын элинин муктаждыгы үчүн Дөбө жана Чет-Кызыл айылдарынын ортосундагы 3,40га жайыт жер аянтын айыл чарбасынан Өнөржайынын,транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына мазарга транформациялоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбө жана Чет-Кызыл айылдарынын ортосундагы 3,40га жайыт жер аянтын айыл чарбасынан Өнөржайынын,транспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына мазарга транформациялоого макулдук берилсин.

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Каламбеков