Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры №87

Кара-Бак айылынын тургуну А.Ажыкабылованын арызын кароо жөнүндө

 

Кара-Бак айылынын тургуну Айымбүбү Ажыкабылованын 2003-жылдан бери АВМ участкасынын үстүнкү жагындагы өзү пайдаланып жүргөн 0,10 га огород жерин өзүнө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылынын тургуну Айымбүбү Ажыкабылованын 2003-жылдан бери пайдаланып жүргөндүгүн эске алып, А.Ажыкабылованын өзүнө бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы өкмөткө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Каламбеков