Редакцияот 29.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ленинполь айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2018-жылдын 29-августу №41

Ленинполь айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Ленинполь айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленинполь айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл аймагынын аксакалдар соту өз ишмердиги чегинде бул Регламентти жетекчилике алсын.

3. Аксакалдар сотунун ушул Регламентке ылайык иш алпарышына аткаруу жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.

Тѳрага

Н. Шадыбеков