Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы

 

2018-жылдын 04-декабры №92

Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-январындагы № 62 “Кадамжай шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 10-пунктунун экинчи абзацына (комиссия курамы жөнүндө) өзгөртүү киргизилген жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 36-беренесинин 4-пунтуна ылайык Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-январындагы № 62 “Кадамжай шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

 

Тѳрага

А. Абдраимов